18
Апрель
Т.Сарпашев подверг жесткой критике руководство ОАО «Кыргызалтын» за самоустранение от инвестиционного проекта «Талды-Булак Левобережный»
Бүгүн, 18-апрелде, Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев тиешелүү мамлекеттик органдардын башчылары менен Кемин районунда жайгашкан «Талды-Булак Сол жээк» алтын кени боюнча кеңешме өткөрдү. Т.Сарпашев Кыргызстандын экономикасы үчүн, бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында ири инвестициялык долбоорлордун жакынкы айларда ишке берилиши абдан зарыл экендигин баса белгиледи. Мындай ири инвестициялык долбоорлорго «Талды-Булак Сол жээк» алтын кени, Бозымчак жана мунай затты кайры иштеп чыгаруучу “Джунда” заводу кирет. Биринчи вице-премьер-министр мындай ары ар бир ири инвестициялык долбоорлордун учурда абалы кандай, курулуш мөөнөтү, мыйзамдар сакталып жатабы, Өкмөт тарабынан берилген тапшырмалар аткарылуудабы деген темада кеңешме жыйындарды өткөрүп тураарын маалымдады. Кеңешме учурунда “Талды-Булак Сол жээк» боюнча мурда берилген тапшырмалар аткарылбагандыгы белгилүү болду. Мындан сырткары алтын чыгарчу фабриканын ишке бериле турган мөөнөтү мурда белгилендей 2014-жылдын биринчи жарымында эмес, ушул жылдын сентябрь же октябрь айларында эксплуатацияга бериле турганы маалым болду. Тиешелүү мамлекеттик органдардын докладдарын угуп бүткөн соң Т.Сарпашев “Кыргызалтын” ААК жетекчилигин кескин сынга алды. “Бул маселе боюнча бир дагы алдыга жылыш болбоптур. Бул маселелерди чечмек тургай, силерде кызыгуу дагы жок. “Кыргызалтын” аталган алтын кендин 40 пайызына ээлик кылганына карабастан долбоорду батыраак ишке киргизүү боюнча эч кандай жумуш алып барган жок. Өкмөт ишкана эртерээк ишке берүү максатында баардык бюрократиялык тоскоолдуктарды алып салып, силердин жумушуңарды жеңилдеткен эле. Тилекке каршы ал шарттан пайдалана алган жоксуңар. Жергиликтүү бийлик болсо эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй жатат. Эгер ушул темп менен жүрө берсеңер эл сөзсүз нааразы болот. Сөзсүз өзүн патриотмун, экологмун дегендер эл арасында кыйкырып чыгат. Ал эми кээ бир саясатчылар болсо тигил же бул алтын кенин жабабыз деп келе жаткан шайлоолорго аттанабыз деп олтурат. Силер ушуну каалайсыңарбы”, - деди Т.Сарпашев. Т.Сарпашев аткарылбай калган иштер боюнча атайын кызматтык изилдөө жүргүзүп күнөөлүлөрдү жоопкерчилигин кароону буйруду. “2 жумадан соң өзүм «Талды-Булак Сол жээк» алтын кенине барып берилген тапшырмалар аткарылгандыгын текшерем” , - деди Т.Сарпашев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү