17

Июль

2014

Т.Сарпашев поручил госорганам печатать документы государственного значения только в государственной типографии «Учкун»

Бүгүн, 16-июлда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоо маселеси боюнча иштиктүү жыйын өткөрдү.

Т.Сарпашев белгилегендей, КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги №231-Токтому аткарылбай жатат.

«Министрлик жана ведомстволор мамлекеттик маанидеги документтерди жеке басмаканаларда кандай басып келсе, ал иш ошондой эле улантылууда. Келерки жылдан тарта «Учкун» акционердик коомун 100% мамлекеттик үлүштүү мамлекеттик ишканага өзгөртүп түзүү процесси башталат. Биз ага багыт алуудабыз. Мындан бир жарым жыл мурда кызыкчылыгы бар белгилүү топтор «Учкунду» банкроттоштурууга аракеттенгенде, биз өз учурунда аларды токтотуп, тийиштүү чараларды кабыл алууга үлгүрдүк. Министрлик жана ведомстволор мамлекеттик маанидеги документтерди милдеттүү түрдө «Учкун» мамлекеттик басмаканасында басып чыгаруусу тийиш”,- деди Т.Сарпашев.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, жакынкы жылдары «Учкун» маанилүү мамлекеттик ишканалардын бирине айланат. «Учкун» акционердик коомунун башкы директору Рыскелди Момбеков өз кезегинде бүгүнкү күндө 85% мамлекеттик үлүшү бар басмакана болгону 4 сааттан иштеп жаткандыгын маалымдады, бул анын кубаттуулугунун 20% кемин гана түзөт. Басылып чыккан продукциялар сапаттык жактан бардык талаптарга жооп берет. Билим берүү жана илим министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы, Мамлекеттик салык кызматы жана башка мамлекеттик органдар мамлекеттик маанидеги документтерди жеке басмаканаларда бастырышат. Ал басмакананын 400 кызматкери ишсиз отурат», — деди ал.

Жыйын соңунда Т.Сарпашев жалпы мамлекеттик органдардын жетекчилерине КР Өкмөтүнүн тийиштүү Токтомун аткаруу тапшырмасын берди.