24
Июль
Т.Сарпашев поручил Минсельхозу разработать Стратегию модернизации ирригационной системы
Бүгүн, 24-июлда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев сугат суунун тартыштыгы боюнча ыкчам кеңешменин жүрүшүндө тез арада ирригациялык тутумду модернизациялоонун зарылдыгы туурасында билдирди.
Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, учурдагы ирригациялык тутум 1950-жылдары иштелип чыккан жана ошол учурдан бери өзгөрүүсүз иштеп келе жатат.
“Буга дейре дагы учурдагыдай эле сугат мезгилинде суу жетишсиздик көйгөйлөрү бир нече ирет орун алып келген. Бирок мындан эч кандай жыйынтык чыгарылбай келген. Кийинки жылдары суунун агып кириши жогорулаган соң ал көйгөйлөр унутта кала берген. Ушул айлампа канчалаган жылдар бою келе жатат. Ошондуктан ирригациялык саясатты толугу менен кайрадан карап чыгуу керек», — деп билдирген
Т.Сарпашев, Айыл чарба жана мелиорация министрлигине кыска мөөнөт ичинде ирригациялык тутумду модернизациялоо стратегиясын иштеп чыгууну тапшырды.
Биринчи вице-премьер-министр билдиргендей, бүгүнкү технологиялар ирригациялык тутумду тамчылатып сугаруу ыкмасына өткөрүү аркылуу толук өзгөртүүгө мүмкүндүк берет.
«Аталган иштер Чүй облусунда 2015-жылдан тарта башталат. Биринчи долбоорлорду ишке ашыруу үчүн баштапкы каражаттар бар. Келерки жылы биз милдеттүү түрдө 5 миң га жер аянтынан кем эмес жерди тамчылатып сугаруу ыкмасына өткөрүүбүз керек», — деди Т.Сарпашев.