23

Апрель

2014

Т.Сарпашев: Правительство заинтересовано в развитии исламского банковского дела и финансирования

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев “Ислам өнүгүү банкынын” жана Симмонс&Симмонс” компаниясынын делегаттарын кабыл алды.

Т.Сарпашев Кыргызстанда банк тармагына ислам принциптеринин каржылоосунда тажрыйба топтолуп жаткандыгын белгиледи. Анын айтымына караганда  акыркы жылдары Кыргызстанда “ЭкоИсламикБанк” тарабынан ислам принциби боюнча жарандар менен 50 миңден ашык келишим түзүлгөн. Ал келишимдин жалпы баасы 112 млн доллардан ашык. Ал эми ислам принциптери боюнча депозиттик базанын көлөмү 12 млрд сомго жакындап калды.

“Кыргыз Өкмөтү ислам принцибин кеңири жайылтууга абдан кызыкдар. Бул тармактын өнүгүүсү мамлекеттин экономикасынын эң чоң туруктуу таянычтарынын бири болот. Жакында эле Өкмөт атайын пилоттук негизде ислам камсыздандыруу (такафул) жана ислам баалуу кагаздарын (сукук) өнүктүрүү жөнүндө тиешелүү токтом кабыл алды. Ага ылайык атайын ислам камсыздандыруу (страхование) компаниясы түзүлөт», — деди Т.Сарпашев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү