30
Январь
«Тарых жана маданият» жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү
Бүгүн, 29-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында «Тарых жана маданият» жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү.
Жыйында Кыргыз Республикасында Тарых жана маданият жылын өткөрүүнүн комплекстүү Планы талкууланды.
Премьер-министр Темир Сариев быйыл абдан маанилүү жыл экенин белгилеп, Кыргыз Республикасынын Эгемендигин алганынын 25 жылдыгы менен бирге бир катар маанилүү тарыхый мааракелер бар экенин билдирди. Алардын алкагында Премьер-министр Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 25 жылдыгы, 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгы, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы, Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы залкар ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы жана Тайлак баатырдын 220 жылдыгы белгиленерин билдирди.
Мындан тышкары “Тарых жана маданият” жылына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Комплекстүү иш-чаралардын планы иштелип чыгып, иш-чараларды жогорку деңгээлде даярдап өткөрүү максатында Мамлекеттик дирекция түзүлгөнүн маалымдады.
“Быйыл биз үчүн абдан маанилүү жыл. Биз өзүбүздү сыйлап, эгемендикти даңктап, мамлекеттүүлүктү даңктоочу учур келди. Биз өз тарыхыбызды даңктоо менен эгемендикти бекемдөө үчүн баарыбыз биримдикте иш алып барышбыз керек”, - деди Темир Сариев.
Жыйын жүрүшүндө 2016-жылы өткөрүлө турган иш-чаралар боюнча Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекциясынын башкы директору Султан Раев маалымат берди. Маалыматка ылайык, план 4 бөлүктөн туруп, 140 иш-чара камтылган.
Жыйында айрым сунуштарды эске алуу менен иш планды 10 күндүн ичинде тактап чыгууга тапшырма берилди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү