12

Август

2015

Тайырбек Сарпашев: “Алгачкы биометрикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы ийгиликтүү болду”

Бүгүн, 12-августта, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону уюштуруу жана аны материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу маселеси боюнча шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын кезектеги отурумун өткөрдү. Тайырбек Сарпашев биометрикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы ийгиликтүү болгондугун баса белгиледи. “Алгачкы тестирлөөгө 169 миң шайлоочу катышып, анын 160 миң жараны, же болбосо 93,56 пайызы өздүгүн базадан аныктай алды. Тестирлөө 2 миңден ашуун шайлоо участкаларында өттү. Бул жакшы көрсөткүч. Жергиликтүү бийлик органдары иш жүзүндө тестирлөөнүн жүрүшү тууралуу, аппаратуралар менен тыгыз таанышты. Эч кандай кыйынчылык жок экендигин дагы өз көзүңөр менен көрдүңүздөр. Эми экинчи ирет масштабдуу тестирлөөнү 25-августтан 15-сентябрга чейин өткөрөбүз. Тестирлөөнүн негизги максаты - тизмени тактоо жана шайлоочулардын жаңы аппаратуралар менен иш жүзүндө таанышуусу”, - деди Сарпашев. Биринчи вице-премьер-министр жергиликтүү бийликтин астында турган эң негизги үч тапшырманы баса белгиледи. Биринчиси - операторлордун тизмесин тактоо, экинчиси - жалпы тестирлөөнүн экинчи этабын сапаттуу өткөрүү жана кимдин кайсы жерде шайлай тургандыгы тууралуу арыздарды чогултуу. Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын тутумдук администраторлору менен тыгыз иштөө. Үчүнчүсү - шайлоо өтө турган участкаларда тийиштүү шарт түзүү. “Бул жолку шайлоо өзгөчө болгондуктан мониторлорду койгонго, комплекттерди орнотууга кеңири жай болуусу керек. Тар жай болбошу керек жана шайлоо күнү бардык участкалар жарык менен толугу менен камсыздалышы зарыл”, - деди Сарпашев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү