20
Февраль
Тайырбек Сарпашев: Необходимо максимально упростить разрешительные процедуры в работе Госстроя
Мамкурулуш тууралуу баяндаманы агенттиктин мүдүрүнүн орун басары Шухрат Сабиров жасады.
Өз баяндамасында ал 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча каржылоо булактарынын баардык эсебинен негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 78,2 млрд. сомду түзүп жана 2,3 % көбөйгөндүгүн белгиледи.
«Ушуну менен бирге курулушта дүң продукциясынын көлөмү 70,7 млрд. сомду, ал эми салыштырмалуу баада өсүү темпи 112,4% түздү. 2012-жылга салыштырмалуу тышкы каржылоо булактарынын эсебинен негизги капиталга инвестициянын көлөмү 10,7% өсүп 28,0 млрд. сом болгон. Жалпы аянты 906,7миң.кв.метр түзгөн 8706 турак курулуп жана колдонууга киргизилген, бул көрсөткүч 2012-жылга караганда 6,6% көп», -деди ал.
Ошондой эле мүдүрдүн орун басары учурда республикабыздын 1819 калктуу конуштун ичинен кайрадан иштелип чыккан башкы пландар менен 257 камсыздалган же болбосо 14,2 % экендигин маалымдады. « Эскирген баш план 903 калктуу конушта же болбосо 49,6%. Ушуну менен өлкөбүздүн 660 калк конуштарында же болбосо ар бир үчүнчү калк конушунда (36,2) баш план жок жана негизги шаар курулуш документтин иштелип чыгуусуна муктаж », — деп белгиледи Ш.Сабиров.
Коллегиянын жүрүшүндө 2013-жылы республикалык бюджеттен жалпы суммасы 1 738,4 млн. сомго 195 социалдык объекттердин курулушу жүргүзүлгөн. Ошондой эле 47 мектептин курулушуна 10530,1 млн. сом планы менен, 535,7 млн. сом көлөмүндөгү каржылоо ачылгандыгы айтылды.
« Өткөн жыл ичинде 60 объекттин курулушу бүткөрүлгөн, анын ичинде 40 мектеп жана мектептерге спортзалдар, 11 саламаттыкты сактоо объекттери, 5 турак үй, 3 суу менен жабдуу объекттери жана административдик имараттар. 2014-жылы «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча социалдык объекттердин тизмесинин долбоору алдын ала 1500,0 млн. сом суммасында каралат. Ошондой эле Түрк Республикасынын насыясынын каражатынын эсебинен калган 994,4 млн. сомду өздөштүрүүгө туура келет », — деди Мамкурулуштун мүдүрүнүн орун басары.
Тармактын учурдагы жагдайына токтолуп жатып , Тайырбек Сарпашев курулуш иштери боюнча түшкөн иш кагаздарын карап чыгуу мөөнөтүн кыскартып, уруксат алуу процессин жөнөкөйлөтүү керек экендигин айтты. «Бүгүнкү күндө инвесторлордун көбү курулуш иштерин инвестирлөөгө долбоорго макулдашуу алуу үчүн, бир канча убакыт кетирип ар кандай мамлекеттик мекемелерди кыдырып жүрүшөт. Мындай болбоосу керек. Архитектура системасында “Бир терезе” долбоору ишке кирүүсү керек. Ошондой эле курулуш тармагында нормативдүү укук актыларын жакшыртууга көңүл бурулуусу керек. Иштелип жаткан стандарт жана нормалар мындан 20-30 жыл мурда иштелип чыккан жана моралдуу түрдө », — деди Вице-премьер-министр.
Айыл калкын ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча, Дүйнөлүк банктын жа Азия банктын долбоорлору иш киргизүүнүн жыйынтыгында калкы 1 млн. адам менен 533 айылда суу түтүктөрүн куруу жана реабилитациялоо жүргүзүлүп финансылык каражаттарды өздөштүрүү жалпысынан 2 млрд.509млн сомду түзгөндүгү айтылды.
«Ушуну менен бирге, учурда республикабыздын 700 миңден ашык айылдын жашоочулары чарбалык-ичүүчү муктаждыктар үчүн сууну ачык булактардан колдонууга аргасыз болуп жатышат. Дагы да көйгөйлүү маселелердин бири болуп бул борборлоштурулган агындылоо обьекттеринин жагдайы калып жатат. Борборлоштурулган канализация тутумдарына туруктуу мүмкүнчүлүккө республикадан 24% калк ээ болот», -деп маалымдады Мамкурулуш.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү