17

Март

2014

Тайырбек Сарпашев ознакомился с ходом строительства ирригационного канала Иринжит

Бүгүн, 17-мартта, Жалал-Абад облусунда жумушчу сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев  Аксы районунун Кош-Дөбө айылындагы Иринжит суу каналынын курулуш ишин көрүп чыкты.

Вице-премьер-министрге каналдын узундугу 7,4 чакырым жана анын курулушу үстүбүздөгү жылдын май айында аяктай тургандыгы жөнүндө маалымат беришти.

Тайырбек Сарпашев баардык курулуш иштерин 10-майга же, сугат иши башталган убакытка чейин бүткөрүүнү тапшырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү