17
Апрель
2014
Тайырбек Сарпашев эпизоотикага каршы мерчемделген иш-чараларды сапаттуу аткарууну тапшырды
Бүгүн, 16-апрелде, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев ири жана майда мүйүздүү малды жазгы вакциналоого арналган жумушчу кеңешмесин өткөрдү.
Тайырбек Сарпашев малды жазгы вакциналоо боюнча КР Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын ишин сынга алды.
“Учурда былтыркы жылдан калган ветеринардык биокаражаттар аркылуу вакциналоо иши жүргүзүлүп жатат. Былтыр күзүндө эле сиздердин инспекция зарыл болгон ветеринардык каражаттарды даярдап коюусу керек эле. Арийне, бул иш аткарылган жок жана мен кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырдым. Андан тышкары жер-жерлерде ири жана майда мүйүздүү малды өз учурунда вакциналоо жөнүндө түшүндүрүү иштери иш жүзүндө жүрбөй жатат. Эпизоотикага каршы сапаттуу иш-чараларды өткөрүүгө сиз жеке жооптуусуз”, – деди Тайырбек Сарпашев мамлекеттик инспекциянын директору Азиз Шакировго кайрылып.
Биринчи вице-премьер-министр Азиз Шакировго айыл округдары менен биргеликте жаңы бюджетти кароо мезгилинде ветеринардык биокаражаттарды сатып алуу үчүн каражат бөлүү маселесин киргизүүнү тапшырды.
Инспекциянын мүдүрү Азиз Шакиров маалымдагандай, республиканын ветеринар адистери дарт аныктоо иштерин, алдын алуу эмдөөлөрдү жана башка дарылоо иштерин жүргүзүү боюнча 2014-жылдын 1-кварталынын мерчемдерин аткарышты.
Ошондой эле, жалпысынан республика боюнча эпизоотикалык абал көзөмөлдө экендигин ишендирди Азиз Шакиров. Ал жакынкы күндөрдө ветеринардык биокаражаттардын жаңы партиясы келээрин билдирди.
Эске салсак, быйылкы жылы өлкөнүн бюджетинен алдын алуу иштерине 60 млн. сом каралган. Анын 15 млн. сому бөлүнгөн, кийинки аптада дагы 15 млн. сом түшөөрү күтүлүүдө.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү