26
Апрель
Тайырбек Сарпашев: Правительство приступило к внедрению исламского страхования и исламских ценных бумаг
Ислам өнүгүү банкы менен «Simmons & Simmons» компаниясынын келип кетүүсүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасында ислам камсыздандыруу (такафул) жана ислам баалуу кагаздарын киргизүү (сукук) боюнча нормативдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгуу боюнча Келишимге кол коюлду. Келишим КР Өкмөтүнө караштуу каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы менен «Simmons & Simmons» компаниясынын ортосунда коюлду. Келишимге ылайык, кыргыз тарапка ислам каржы кызматтары тармагында документтерди даярдоого колдоо көрсөтүлөт.
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев белгилегендей, Келишимге кол коюу менен Өкмөт каржылоонун ислам принциптерин киргизүү жана кеңейтүүнүн жаңы этабына кирет.
“Өкмөт өлкөнүн экономикасына каржы рыногу менен банк системасынын өнүгүшүнө жагымдуу таасир берген ири инвестициянын келишин күтөт. Биз үчүн абдан маанилүүсү, каржылоонун ислам принциптеринин кириши менен коррупциялык схемага бөгөт коюлат”, - деди Т.Сарпашев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү