14

Февраль

2014

Тайырбек Сарпашев принял участие в коллегии Министерства сельского хозяйства и мелиорации

Бүгүн, 14 февралда,  Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин  2013-жылдагыишинин жыйынтыгын  жана 2014-жылга карата  мерчемдерин  талкуулаган коллегиянын ишине катышты.

Мекеменин ишитууралуубаяндаманыКыргызРеспубликасынынайылчарбажана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев  берди.

Ал Республикада 2013-жылы   172 млн сомго жакын  айыл чарба азыктары өндүрүлгөндүгүн белгиледи:

«Жалпы өсүш 2012-жылга салыштырмалуу 2,9  пайызды түздү. Ошондой эле өсүмдүк өстүрүүдө -86,5 миллиард сомдук, мал чарбачылыгында-81,6 миллиард сомдук азык өндүрүлгөн.  2013-жылдын январь-декабрь айлары менен айыл чарба продукцияларынын өндүрүшүндө мал чарбачылыгы 47,5%, өсүмдүк өстүрүү – 50,3%, тейлөө – 2,1 %, токой чарбасы – 0,1% жана көрсөтүлгөн кызматтар-2% түздү», — деди министрдин орун басары.

Өз учурунда Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү    дыйкандар менен малчыларга жеңилдетилген насыялар, айыл чарба техникасын лизингге берүүнү колго алып жана анын негизинде  сапаттуу  жер семирткичтерди алып келүү менен  мындан ары колдоо көрсөтүүнү улантарын  белгиледи .

«Бүгүнкү күндө Кыргызстан сатып алган  18миң тонна  минералдык жер семирткичтердин 5 миң тоннасы дыйкандарга иштетүүгө берилген.  Жазга чейин өлкөбүзгө 100 миң тоннага жакын жер семирткичтерин алып келүүнү пландоодобуз.  Минералдык жер семирткичтердин баасы базар бааларынан бир канча төмөн болуп, учурда мындай сатуу ордулалын көбөйтүү жана  ишке киргизүү маселелерин иштеп чыгуу каралууда,»-  деди Вице-премьер-министр.

Ошондой эле Тайырбек Сарпашев  фермерлерге жана айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөргө  2 жыл мөөнөтүндө насыя берүү каралып “Айыл чарбасын каржылоо – 2” долбоорун ишке киргизүү башталгандын айтып өттү.

«Берилүүчү насыянын көлөмүн көбөйттүк. Эгер мурда бир адамга 250 миң сомго чейин берилсе, эми дыйкандар 400 миң сом өлчөмүнө чейин ала алышат. Ошондой эле  үстүбүздөгү жылы кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл бурулат. Айыл чарба азыктарын иштеткендерге 2 жыл мөөнөтүнө чейин 9% үстөк менен бере алабыз. Бул каражаттарды алууну каалагандар эмтеден арыздарын беришүүдө», —деди Вице-премьер-министр.

Коллегиянын жыйынтыгы менен  жазгы суугат иштерин ийгиликтүү  жүргүзүү, ирригациялык каналдарды уюштуруу,  үрөн жана асыл тукум чарбаларын  өнүктүрүү, кайра иштетүү өнөр жайын колдоо боюнча маселелер туурасында  бир катар чечимдер кабыл алынды.

КР Өкмөтүнүн Aппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү