16

Январь

2014

Тайырбек Сарпашев принял участие в региональном форуме ИБР

Бүгүн, 15-январда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Казак Республикасынын Алмата шаарында өтүп жаткан “Ислам өнүгүү банкынын акыркы 40 жылдагы ишмердүүлүгү жана алдыдагы 10 жылдыктагы өнүгүү стратегиясын талкуулоо” деген аталыштагы Ислам өнүгүү банкынын аймактык форумуна катышты.

Форумдун максаты - Ислам өнүгүү банкынын алдыдагы 10 жыл ичиндеги өнүгүү стратегиясынын долбоорун талкуулоо.

Форумдун алкагында Тайырбек Сарпашев Ислам өнүгүү банкынын жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Анда Вице-премьер-министрдин Ислам өнүгүү банкынын борбору жайгашкан Сауд Аравия хандыгына жасаган иш сапарында жетишилген сүйлөшүүлөрдүн аткарылышы талкууланды.

Эске салсак, Тайырбек Сарпашев Ислам өнүгүү банкынын Кыргыз Республикасындагы Башчысы.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү