17
Декабрь
Тайырбек Сарпашев проведёт серию встреч с руководством ИБР
Бүгүн, 17-декабрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Сауд Аравия хандыгына иш сапары менен жөнөп кетти.
Иш сапарынын алкагында Тайырбек Сарпашев Ислам Өнүгүү Банкынын Президенти Ахмад Мохаммед Али Аль Мадани менен жолугушат. Ошондой эле, каржы, корпоративдик тейлөө жана кызматташтык тармактарын тейлеген банктын вице-президенттери менен да бир катар жолугушуулар өтөт.
Белгилей кетсек, Тайырбек Сарпашев Ислам Өнүгүү Банкынын Кыргыз Республикасы тарабынан башкаруучусу.
Мындан сырткары, Вице-премьер-министр жеке секторду өнүктүрүү боюнча Ислам корпорациясынын, Эл аралык Ислам соода-каржылык корпорациясынын жана Ислам тилектештик фондунун жетекчилиги менен жолугушат.
КР Өкмөтүнүн аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү