11

Январь

2014

Тайырбек Сарпашев встретился с жителями Тонского и Джети-Огузского районов

Бүгүн, 11-январда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда жумушчу сапары менен болду.

Иш сапарынын алкагында Вице-премьер-министр Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун тургундары менен жолугушту.

Элеттиктер менен жолугушуу учурунда Тайырбек Сарпашев 2013-жылдагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана 2014-жылга карата Өкмөттүн негизги милдеттери жөнүндө кеп кылды.

Ысык-Көл облусу үчүн айыл чарбасынын маанилүүлүгүн эсепке алуу менен, Вице-премьер-министр атамекендик жер иштетүүчүлөргө, фермерлерге жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөргө көрсөтүлүүчү колдоо тууралуу кеңири айтып берди. “2014-жылы да агрардык чарбаны колдоо максатында көрсөтүлүп келген жеңилдетилген насыяларды жана лизинг шартындагы айыл чарба техникаларын берүү улантылат. Андан сырткары, айыл чарба кооперацияларын өнүктүрүүгө, жасалма уруктандыруу чарбасын түзүүгө, ирригация системасын калыбына келтирүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Мунун баардыгы элеттиктердин турмуш шартын жакшыртууга жана экономиканы күчтөндүрүүгө багытталууда”, - деди ал.

Ошондой эле, Тайырбек Сарпашев айылдыктардын суроолоруна жооп берди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Вице-премьер-министр от жагуу мезгилинин жүрүшү, отун базаларындагы, мектептердеги жана оорукана кампаларындагы көмүрдүн сапатына кызыкты.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү