16

Сентябрь

2015

Темир Сариев: “Шайлоонун ачык жана таза өтүшү үчүн Өкмөт болгон аракетин жумшоодо”

Бүгүн, 15-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев, 2015-жылдын 4-октябрында өтө турган Жогорку Кеңешке карата шайлоого катыша турган саясий партиялардын лидерлери жана өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушууга КР биринчи вице-премьер-министри, КР ички иштер министри, КРнын Башкы прокурору, КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы жана Бишкек шаарынын мэри талапкерлерди кызыктырган бардык суроолорго жооп берди.

Жыйында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев азыркы тапта республика боюнча 2374 шайлоо тилкеси шайлоочуларды кабыл алууга даярдыгын билдирди. “Биометрикалык маалыматтардын негизинде өздүгү такталбай жаткан жарандар үчүн кошумча Бишкек шаарында 39, ал эми Ош шаарында 7 шайлоо тилекелери ачылды. Учурда 2 млн 633 миң 834 жаран шайлоого катышууга толук даяр. Кыргызстан боюнча 1994-жылкы үлгүдөгү паспорт менен жүргөн 63 миң жаранга жаңы ID-карт үлгүсүндөгү паспорт берилди. Мындан сырткары дагы 12 миң адам эски паспорт менен калды. Алардын паспортуна жеке номуру жазылган социалдык фонддун баракчасы чапталды”, - деди.

Ошондой эле жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов ар бир шайлоо чөлкөмүнө шайлоого керектелүүчү бардык жабдыктар толук орнотулгандыгын малымдады. “Шайлоонун жыйынтыгы боюнча протоколдорду кабыл алууга байланыш мыкты деңгээлде. Буга чейин жарандардын жашаган жери боюнча дарегине шайлоогог чакыруу кагаздары барды. Эми тактоо иретинде 25-сентябрдан кийин дагы бир ирет үйлөрүнө чакыруу кагаздары таратылат”,- деп билдирди.

Жыйында депутаттыкка талапкер саясий партиялардын лидерлери да КР Премьер-министри баштаган өкмөт мүчөлөрүнө өздөрүнүн түшүнбөгөн суроолорун берип, толук жооп алганга жетишти.

КСДП партиясынын лидери Чыныбай Турсунбеков жер-жерлердеги шайлоо участкаларында адистер убагында иштебей жатканын, шайлоочулар барып өздүгүн текшерүүдө кезекке туруп калганын эскертти. Ал эми “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов тизмеден өздүгүн таппай калган жарандардын укугун ким коргой турганын сурады. Өкмөт башчы Мамлекеттик каттоо кызматы менен Биринчи вице-премьер-министр толук жооптуу экенин кошумчалады. Мындан сырткары “Республика Ата-Журт”, “Ар-Намыс”, “Ата Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан - Эмгек”, “Замандаш” партияларынын лидерлери да бир топ суроолорун бергенге жетишти.

Соңунда Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, КР Башкы прокурору жана  КР Ички иштер министри сөз сүйлөп, бардык партияларды мыйзам чегинде шайлоонун тынч өтүшүнө көмөктөшүүгө чакырды.

 

 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын 

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү