05
Февраль
Токон Мамытов: Чиновники должны ответственнее подойти к выполнению плана по сбору налоговых платежей
Бул туурасында, 4-февралда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2013-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2014-жылдын мерчемдерин талкуулаган коллегиясында сөз кылды.
Вице-премьер-министр облустун жетекчилиги бул жылы өндүрүштү жана айыл-чарбаны өнүктүрүү боюнча иш алып баруусу керек экендигин белгиледи.“Бюджеттин киреше бөлүгү болгон салык жыйноо боюнча мерчемдерди аткаруу – өзүнчө маселе. Райондун акимдери, шаар мэрлери салык кызматы менен бирге иш алып барыш керек”, — деди Токон Мамытов.
Ошондой эле коллегиянын жүрүшүндө Вице-премьер-министр токойлордун мыйзамсыз кыйылыш фактыларына жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарынын көңүлүн бурду.
“Акыркы учурларда массалык маалымат каражаттары Ысык-Көл облусундагы мыйзамсыз кыйылган бак-дарактар, өзгөчө карагайлардын кыйылышы тууралуу маалыматтарды тынымсыз таратууда. Бул маселени толук көзөмөлгө алууга чакырам. Тез арада токойлордун мыйзамсыз кыйылышын токтотуп, ал эми мыйзам бузуучуларды административдик жоопкерчиликке тартуу зарыл. Ошондой эле кыйылган бак-дарактардын ордуна көчөттөрдү отургузуу керек. Токойлорду сактоо жана чет элдиктер үчүн аңчылык туризмине толук көзөмөл кылуу зарыл”, — деп кошумчалады Токон Мамытов, аталган тармактарды тартипке келтирүүгө чакырып.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү