19
Март
Токон Мамытов принял этнического кыргыза Абдимиталипа Сыраджин уулу, прибывшего из Афганистана
Бүгүн, 18-мартта, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытов Кыргызстандын Өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууга Ооганстан Республикасынын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этникалык кыргыздардын атынан келген өкүл Сыраджин уулу Абдимиталипти кабыл алды.
Жолугушууда Сыраджин уулу Абдимиталип КР Өкмөтүнө этникалык кыргыздардын кайрылуусун билдирди. Алар Кыргызстанга көчүрүү жөнүндө маселени жакын арада карап чыгууну суранышкан. “Кичи жана Чоң Памирде учурда 2 миңге чукул кыргыз, же 250дөй үй-бүлө жашайт. Биздин жашоо тышкы дүйнө менен байланыштан сыртта калган, медициналык тейлөө жок, балдар билим алышпайт. Биз Кыргыз Өкмөтүн бизди Кыргызстандын аймагына көчүрүп келүүгө жана отурукташууга жардам берүүңүздөрдү өтүнөбүз. Абалдан чыгуунун экинчи жолу – Кичи жана Чоң Памирде жашоого ылайыктуу шарт түзүү, контейнер тибиндеги турак жай менен камсыздоо, мугалимдер менен врачтарды жиберүү жана этникалык кыргыздарды жарандык күбөлүк менен камсыздоо үчүн Ооганстан Өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү”, - деди Сыраджин уулу Абдимиталип.
Ошондой эле ал Кыргыз Өкмөтү чара колдонбосо, алар Пакистан менен Түркия Өкмөттөрүнө көчүрүү маселеси менен кайрыла тургандыктарын айтты.
Токон Мамытов Кыргыз Өкмөтү талкууланган маселе боюнча тиешелүү чечим кабыл ала тургандыгы жөнүндө маектешин ишендирди. “Биз этникалык кыргыздар маселесин көтөрүп келебиз жана анын чечилиши үчүн кам көрөбүз”, - деди ал.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү