28

Январь

2014

Токон Мамытов принял главу Центра ОБСЕ в Бишкеке Сергея Капиноса

Бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытов Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Борборунун башчысы Сергей Капинос менен жолукту.

Жолугушууда Токон Мамытов Кыргыз Республикасына ар дайым колдоо көрсөтүп келген Бишкектеги ЕККУ Борборуна ыраазычылык билдирди.

“Биздин жигердүү жана ар тараптуу кызматташтыгыбыз менен өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоого багытталган бир катар долбоорлорду ишке ашырууга жетиштик”, - деди ал.

Тараптар ЕККУ Баш катчысы Ламберто Занньеранын Кыргызстанга жасай турган иш сапарынын алкагында укук коргоо органдарын реформалоого багытталган маселелерди талкуулашты.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү