06
Февраль
Токон Мамытов принял участие в работе коллегии полномочного представительства Правительства в Нарынской области
Бүгүн, 5-февралда Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укук өкүлчүлүгүнүн коллегиясына катышты.
Коллегиянын жыйынында облустун 2013-жылдагы жыйынтыгы жана 2014-жылга болгон мерчемдери талкууланды.
Жыйында облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары Эмилбек Алымкулов жана Чынара Абдыраимкунова баяндама жасашты. Баяндамада облустун социалдык-экономикалык абалы, социалдык коргоо, саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт тармактарындагы жетишкендиктер жана көйгөйлөрү жөнүндө кеңири сөз козгошту.
Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө акыркы жылдарда балык, аарычылык чарбалары өнүгүп жаткандыгы белгиленди. Маселен, 2013-жылы 11 балык, 25 аарычылык чарбалары, 15 күнөскана жана 6 тоок фермалары иштерин башташкан.
Өз кезегинде Токон Мамытов Өкмөт тарабынан экономиканы, анын ичинен айыл чарбасын өнүктүрүү жана мамлекеттик чек араны бекемдөө боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу айтып берди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү