27

Февраль

2014

Токон Мамытов провел встречу с главой программного офиса УНП ООН в Кыргызстане Александром Федуловым

Бүгүн, 25-февралда Кыргыз Республикасынын  вице-премьер-министри   Токон Мамытов Европалык Кеңештин Парламенттик  Ассамблеясынын  депутаты (ЕКПА), «Демократия боюнча өнөктөш»  статусун  Кыргызстанга  ыйгаруу боюнча   доклад  жасаган -серепчи  Андреас Гросс менен жолугушту.

Жолугушууну  ачып жатып, Токон Мамытов  Кыргызстан үчүн  маанилүү болгон тышкы саясат өнөктөшү  катары,   Кыргызстан  Европа Кеңеши жана ЕКПА  менен болгон мамиленин өнүгүшүнө  көңүл бурарын айтып өттү.  Вице-премьер-министр Өкмөт тарабынан коопсуздук боюнча программаларды ишке ашыруу   чаралары,   укук коргоо органдарынын  реформасы, мамлекеттик башкаруунун потенциалын күчөтүү  туурасында  маалымдады.

Өз  кезегинде  Андреас  Гросс  кызматташтыкта болгон   зарыл маселелерди  жолугушуп, талкуулоо мүмкүнчүлүгү  үчүн  вице-премьер-министрге ыраазычылыгын билдирди.

«КР менен ЕКПАнын  демократия, адам укуктары жана  башкаруу мыйзамдар тармагында болгон кызматташтык жогорку деңгээлде экендигин белгилегим келет.   Биздин мамилебиз мындан ары тереңдеп- бекемдерине ишенебиз», —деп кошумчалады ал.

Жолугушуунун соңунда тараптар  Республикадагы  учурдагы  коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык жагдайларды,  ошондой эле  өлкөнүн  ар кандай жашоо чөйрөсүндө аткарылган демократиялык реформаларды  талкуулашты.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү