24
Январь
Токон Мамытов провел встречу с программным директором международной кризисной группы по Европе и Центральной Азии Полом Куинн-Джаджем
Бүгүн, 24-январда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытов Европа жана Борбор Азия боюнча Эл аралык кризистик топтун программалык мүдүрү Пол Куинн-Джаджды кабыл алды.
Жолугушууда Пол Куинн-Джадж Эл аралык кризистик топ 1996-жылы ар кандай кризистик кырдаалдарды алдын алуу, чечүү маселесинде эл аралык коомчулуктун дараметин жогорулатуу максатында түзүлгөн. Анын штаб-батири Брюсселде жайгашып, дүйнөнүн 60 мамлекетинде бөлүмдөрү иштейт.
Талкуунун башкы темасы эл аралык коалиция Ооганстандан чыгарылгандан кийин диний коопсуздук маселеси болду.
Токон Мамытов Кыргызстан тынчтыктагы жана туруктуу Ооганстан үчүн экендигин айтты. “Биздин мамлекет Ооганстанга байланыштуу эл аралык негизги маселелерде жигердүү көз карашын сактайт. Биз аталган республиканын социалдык-экономикалык маселелеринин чечилишине өз салымыбызды кошобуз. Ооганстан боюнча алынган милдеттенмелердин аткарылышы үчүн уюшкан бирдиктүү иш жасоо талапка ылайык деп ойлойм”. – деди ал.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү