23
Декабрь
Токон Мамытов проводит встречу с Вице-премьер-министром Таджикистана Муродали Алимардоном
Бүгүн, 23-декабрда, Кыргыз Республикасына Тажик Вице-премьер-министри Муродали Алимардон жумушчу сапары менен келди.
Учурда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү өтүүдө.
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытов орчундуу маселени талкуулоо үчүн Бишкекке келген тажик кесиптешине ыраазычылыгын билдирди.
“Эки тараптуу мамиленин мындан ары улануусуна бекем негиз түзүлдү. Кыргызстан менен Тажикстандын жогорку деңгээлдеги кызматташтыгы өнүгүүнүн жаңы баскычына – прагматизм жана конструктивизмге өттү. Акыркы убактардагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган кадамдар ага жаңы макам берет. Ошондой эле, алар эки өлкөнүн элинин бакубаттуу жашоосу үчүн көп мерчемдүү кызматташтыкты кеңейтүүгө жол ачат”, - деди ал.
Өз кезегинде Муродали Алимардон кыргыз жериндеги жылуу кабыл алууга ыраазы экендигин билдирди. “ Биз кылымдар бою түптөлгөн, биздин элдерибиздин достугун жогору баалайбыз. Акыркы күндөрдө кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуялар чарбалык мүнөздө гана болгон деп эсептейм. Чек ара маселеси боюнча мамлекеттер аралык координациялык кеңештин 1-жыйынынын буйруктарын тараптар аткара баштагандыгын кошумчалагым келет”,- деди Тажик Вице-премьер-министри.
Андан соң, тараптар мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо, Көк-Таш-Аксай-Тамдык унаа жолунун , Кулунду-Максат көпүрөсүнүн курулушуна байланыштуу маселелерди карап чыгышты.
Токон Мамытов жана Муродали Алимардон бүгүнкү жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактарды болтурбоо чараларын талкуулашат.
Белгилей кетсек, сүйлөшүүлөрдүн экинчи этабы 7-январда, Тажик Республикасынын борбору Дүйшөмбүдө өтөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү