12
Февраль
Токон Мамытов встретился со Спецпредставителем Генерального секретаря ООН Мирославом Енча
Бүгүн, 12 февралда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытов БУУнун баш катчысынын атайын өкүлү, Борбордук Азия үчүн алдын ала эскертүүчү дипломатия боюнча БУУнун аймактык борборунун башчысы Мирослав Енча менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар БУУнун Коопсуздук кеңешинин №1325 «Дүйнөдө коопсуздукту камсыздоодо аялзатынын ролу» резолюциясын талкуулашты.
Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын Өкмөтү №1325- резолюциясынын мерчемин аткаруу үчүн керектүү чараларды көрүп жаткандыгын белгиледи.
«Биз сиздерге көрсөткөн бөлүмдөрдү ишке ашыруу үчүн , БУУ дараметин Кыргызстан тарапка тартуу мүмкүнчүлүгүн карап берүү сунушу менен кайрылабыз», - деди ал.
Ошондой эле жолугушууда терроризмге каршы аракеттердин алкагында кызматташуу жана Кыргызстандын аймагында жайгашкан уран калдыктары туурасында маселелер каралды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү