17

Январь

2014

«Торговый режим Кыргызстана является самым либеральным в Центральной Азии, а тарифы самыми низкими» - глава Центра IDEAS

Бүгүн, 16-январда Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-пример-министри Жоомарт Оторбаев  дүйнөлүк соода түзүмдөрү боюнча алакалашууда кирешеси төмөн өлкөлөргө көмөк көрсөткөн көз карандысыз жана коммерциялык эмес уюмдун (IDEAS) башчысы Николас Имбоден  менен жолукту. Жолугушууда талкуунун башкы максаты болуп Кыргызстандын Бажы Уюмуна кирүүсү жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (БДСУ) алдындагы жоопкерчилиги болду.

IDEAS Борбору 2002-жылы түзүлүп, дүйнөлүк соода түзүмдөрү боюнча алакалашууда кирешеси төмөн өлкөлөргө көмөк көрсөткөн көз карандысыз жана коммерциялык эмес уюм. Уюмдун башкы максаты болуп ички жана эл аралык экономикалык саясаттын айланасында жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн дараметин жогорулатууга багытталган  долборлорду алып чыгууда кенеш берүү.

Жолугушуу учурунда, Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын Бажы уюмуна кириши өлкөнүн экономикалык саясатына багытталган алгылыктуу кадам болоорун белгиледи. Бул алака бирдигине кирүүдө пайда болуучу коркунучтарды маалымдап жатып, ал Кыргызстандын Бажы Биримдигине кирүүсү саясатка эмес  экономикага гана тиешеси бар экендигин белгиледи. “ Биздин жасап жаткан бардык иш аракеттерибиз, анын ичинде өлкөнүн жарандарынын жашоо шартын жакшыртуу улуттун кызыкчылыгынын негизинде жүргүзүлөт. Кыргызстан БДСУ негизинде кабыл алынган өзүнүн бардык милдеттерин сактайт. Бул багытта IDEAS Борборунун сунуштары жана кеңештери биз үчүн керектүү жана баалуу ”- деди ал.

Өз кезегинде Кыргыз Өкмөтүнүн мыйзам чыгаруу багыты былтыр жогорку деңгээлде иштегендигин БДСУ мамлекеттик өкүлдөрү баса белгилегендигин айтты  Николас Имбоден. “Кыргызстандын соода тартиби Борбор Азия боюнча либералдуу, ал эми тарифтери төмөн”- деди IDEAS Борборунун башчысы. Мындан тышкары ал алаканын жүрүшүндө соода саясатын жүргүзүүдө биргелешип иштөөгө жана тажрыйба алмашууга  даяр экендигин айтты.

Сүйлөшүүнүн алкагында Кыргызстандын Бажы Биримдигине кирүүдөгү жол картасы да талкууга алынды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптардын кызматташтыгы эки тараптуу эксперттик кеңештин мындан аркы кызматташтыгы менен шартталаары сүйлөшүлдү.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү