11
Февраль
Удельный вес Чуйской области в общем объеме производства промышленной продукции республики составил 40,3 %
Бул туурасында 10-февралда, Кыргыз республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясында айтты.
Коллегиянын жүрүшүндө аймактын 2013-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2014-жылга карата мерчемдери талкууланды.
Коллегияда негизги баяндаманы Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Туратбек Жунушалиев жасады.
“2013-жылы облуста 66 383,6 млн. сомго продукция өндүрүлгөн, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 134,2 пайызды түзөт. Чүй облусунун өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүнүн салыштырма салмагы 40,3% ( 2013-ж – 36,2 %). Былтыркы жылдын ушул мезгилине карата ички дүң продукция көлөмү жана айыл чарба кызматы 41728,7 млн. сом же 106,7%. 2013-жылы курулушка каралган капиталдык салымдын көлөмү 15085,6 млн. сом жана бул көрсөткүч андан мурдагы жылга салыштырмалуу 20,5%га көп. Облус боюнча 114 ишкана туруктуу иштеди жана өнөр жай өндүрүшүнүн басыгын төмөндөткөн жок. 2013-жылы ошондой эле, жаңы ишканалар ишке берилип, 231 чарба өндүрүш тармагында кайра жандандырылды. Анын ичинен 29 – өнөр жай ишканалары, 24 – цех, аларда 2420 жумушчу орун бар”, - деген маалыматын берди ал.
Туратбек Жунушалиевдин айтканына караганда, 2013-жылы январь-декабрь айларында айыл чарбасында ички дүң продукциянын көлөмү 41728,7 млн. сом, же мурдагы жылга караганда 3191,4 млн. сомго көп. 2012-жылга салыштырмалуу 106,7% өсүш байкалат.
Коллегияны жыйынтыктап жатып, Тайырбек Сарпашев жергиликтүү калктын негиздүү маселелерин чечүүдө жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жетекчилерин ыйгарым укуктарын жигердүү пайдаланууга чакырды.
“2013-жыл экономикалык өсүштүн жылы болду. Чүй облусунун экономикалык потенциалын мындан ары да жогорулатуу үчүн ушул көрсөткүчтү түшүрбөй кармоо зарылчылыгын айтты. Быйыл Кара-Балта менен Токмокто мунайды кайра иштетүүчү заводдору ишке берилет, “Алтын-Кен” ишканасы иштеп баштайт. Бул жергиликтүү бюджетке да, республикалык казынага да чоң жардам. Жергиликтүү бюджетти толуктоонун дагы бир булагы – жерге болгон салык. Анын көлөмүн көтөрүү керек жана анын ижара акысын аныктоону жергиликтүү бийликке тапшыруу зарыл”, - деди ал.
Айылдык өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында жеңилдетилген насыяларды берүү быйыл да уланаарын айтты Вице-премьер-министр. “Биз минералдык жер семирткичтерди борборлоштуруп таркатуу боюнча да ишке кириштик. Республикага 5 миң тонна жер семирткич келип түштү. Жаздын ортосуна чейин 100 миң тонна жер семирткич алып келүүнү мерчемдөөдөбүз”, – деди Тайырбек Сарпашев.
Чүй облустук төрөт үйүн кеңейтүү максатында кошумча корпусун куруу же башка имарат караштыруу өтүнүчүн карап чыгып маселени оң жагына чечип берүүнү убада кылды Вице-премьер-министр.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү