12

Февраль

2014

Утвержден Проект «Финансирование сельского хозяйства-2»

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  тиешелүү токтомуна  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.

Бул Долбоордун максаты республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 2014-жылдын жазгыталаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, айыл чарба иши жана айыл чарба өндүрүмдөрүн кайра иштетүү менен алектенген субъекттерди жеткиликтүү жана жеңилдетилген насыя каражаттары менен камсыз кылуу аркылуу мал чарбачылыгын, айыл чарбасындагы кайра иштетүү секторун, үрөн жана асыл тукум чарбаларын, айыл чарба кооперативдерин андан ары өнүктүрүү болуп эсептелет.

Долбоор  24 ай мөөнөтүнө  белгиленген. Каржылоо булактары болуп, 2014 жана 2015-жылдарга республикалык бюджет жана коммерциялык банктардын каражаттары эсептелинет. Ал эми коммерциялык банктардын жана адистештирилген каржы насыя мекемелеринин жалпы каржылоо көлөмү – 4,9 млрд сомго жетет.

Жогорудагыларды эске алуу менен бирге Кыргыз Республикасынын каржы министрлигине коммерциялык банктар жана адистештирилген каржы насыя мекемелери менен кызматташуу жөнүндө меморандумду жана пайыздык төлөмдөрдү субсидиялоо тууралуу тиешелүү макулдашууларды түзүү тапшырмасы берилген.

Ошондой эле  мекеме 2014-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынан субсидиянын биринчи траншын каржылап, “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунда субсидиянын экинчи траншын төлөө үчүн зарыл болгон каражаттарды караштыруусу керек.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү