20

Январь

2014

В 2013 году в стране собрано 1,2 млн. тонн зерновых

2013-жылы 485,9 миң гектар аянттан дан эгиндери жыйналып алынып, ал баардык аянттын 98,4 % түздү. 2012-жылга салыштырмалуу 36,2 миң гектар жерден көп түшүм алынган. Дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү гектарына 24,8 центнерди түзүп, анын 25,7 центнери буудай, арпа 22,7 центнер (2012-жылы дан эгиндеринин түшүмү гектарына 23,0 центнер болуп, буудай 16.8 центнер, арпа 14,5 центнер)

Дан эгиндеринин дүң жыйымы 1,2 млн. тонна, же былтыркы жылга салыштырмалуу 420,4 миң тоннага көп. Буудайдын жалпы жыйымы 875,2 миң тонна болуп 2012-жылга караганда 561,8 миң тоннага арбын жыйналган.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү