08
Сентябрь
Бакуда Кыргызстан жана Азербайжан аралык соода-экономикалык кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланат
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жетектеген Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы Бакуга Өкмөт аралык кыргыз-азербайжан соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиянын жыйынына катышуу максатында учуп кетти.
Үстүбүздөгү жылдын 9-10-сентябрь аралыгында Өкмөт аралык комиссия жыйынын алкагында соода-экономикалык кызматташуунун келечектүү багыттары, транспорт жана коммуникация тармагындагы байланышты активдештирүү жана эки республика ортосундагы келишим-укуктук базаны кеңейтүү маселеси талкууланат.
Ошондой эле Азербайжандын ири айыл чарба кайра иштетүү ишканаларын кыдырып чыгуу пландаштырылган.
Маалымдама:
Т.Сарпашев Өкмөт аралык комиссиянын кыргыз тарабынын төрагасы саналат, ал эми азербайжандык тарапты Азербайжан Республикасынын Премьер-министринин Биринчи орун басары Ягуб Эюбов жетектейт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү