07

Февраль

2014

В Бишкеке и Оше будут созданы ситуационные комнаты

Бүгүн, 7-февралда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытов, ЕККУ Бишкек борборунун башчысы Сергей Капинос жана Женевадагы аскер күчтөрүнө демократиялык көзөмөл борборунун мүдүрүнүн орун басары Филипп Флури Бишкек, Ош шаарларында кырдаал бөлмөлөрүн ачуу аркылуу кризистик башкаруу системасын жакшыртуу боюнча түшүнүшүү Меморандумуна кол коюшту.

“Меморандумга кол коюшуңуздар менен куттуктайм. Ишке ашууга багытталган демилге өзүнүн оң натыйжаларын берет деп ишенем. Аталган долбоор Кыргызстандын аймагында кризистик кырдаалдарда ыкчам аракет кылууга, аймактын деңгээлинде тиешелүү чечимдерди тез арада кабыл алуу үчүн  министрлер кабинети менен on-line тартибинде кеңешмелерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет”, - деди Токон Мамытов.

Анын маалыматы боюнча долбоордун жалпы наркы 100 миң евро. Мындай бөлмөлөрдүн бири Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында, экинчиси – Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө ачылат. Ошондой эле, долбоордун алкагында жогорудагыдай кырдаал бөлмөлөрүндө иш алып баруучу кыргызстандык адистерди Францияда  окутуу каралууда.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү