03

Сентябрь

2014

Бишкекте Коомдук кеңештерге мүчөлөрдү тандоо боюнча комиссия курамына жарандык коомдон он мүчө тандап алуу боюнча сынак өттү

Бүгүн, 3-сентябрда, “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-берене, 9-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, Коомдук кеңештерге мүчөлөрдү тандоо боюнча комиссия курамына жарандык коомдон он мүчө тандап алуу боюнча сынак өттү.

2014-жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты 2014-жылдын 24-майдагы “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” Мыйзамдын 9-берене, 9-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, Коомдук кеңештерге мүчөлөрдү тандоо боюнча комиссия курамына жарандык коомдон он мүчө тандап алуу боюнча сынак жарыялаган.

Ошондой эле “Эркин Тоо” жана “Слово Кыргызстана” гезиттеринде, ошондой эле www.ons.kg коомдук кеңештердин расмий сайтында документтерди өткөрүү мөөнөтү, тийиштүү документтердин тизмеси, сынакка катышуу үчүн аны жөнөтүү дареги көрсөтүлүү менен жарыяланган.

Комиссия мүчөлүгүнө талапкерлигин Кыргыз Республикасынын 25 жаштан кем эмес, жогорку билимдүү, соттолбогон, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер эсептелбеген жана активдүү коомдук ишмердүүлүккө ээ жарандары көрсөтө алат.

Сынакка катышуу үчүн документтерди кабыл алуу жарыя берилгенден тарта бир ай ичинде ишке ашырылат, ошондой эле талапкерлердин документтери www.ons.kg. сайтына жайгаштырылган.

Рейтингдик добуш берүү процесси өткөрүлгөн: ар-бир талапкер кагаз бетине жашыруун жана ачык түрдө, өз каалоосуна жараша, Комиссия мүчөлүгүнө шайлоо үчүн өз добушун бере турган 20 ашык эмес талапкердин аты-жөнүн жазган, андан соң ал кагазды добуш берүү үкөгүнө салган.

Сынактын эсептөө комиссиясы сынак катышуучуларынын астында добушту ачык түрдө санады, анын жыйынтыгы боюнча Коомдук кеңештерге мүчөлөрдү тандоо боюнча комиссия курамына жарандык коомдон он мүчө жана 10 резервдеги мүчө тандалып алынды.

Коомдук кеңештерге мүчөлөрдү тандоо боюнча комиссия курамына жарандык коомдон тандалып алынган талапкерлердин аты-жөнү:

1. Темирова Т.Н; 2. Абдрахматова А.Б; 3. Байназаров И.Н.; 4. Жаматай уулу Ахуна ; 5. Макеналиева З.К.; 6. Токтакунов Н.А.; 7. Ормонова А.Ч.; 8. Кочорбаева З.И.; 9. Ажиев М.С.; 10. Руслан Акматов.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү