17
Декабрь
В Бишкеке пройдет 16 заседание межправительственной кыргызско - российской комиссии
Эртең, 17-декабрда, Бишкекте соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус Өкмөттөр аралык комиссиясынын 16-кеңешмеси өз ишин баштайт.
Белгилей кетсек, кыргыз-орус Өкмөттөр аралык комиссиясынын тең төрагасы, Кыргызстан тараптан Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана Орусия тараптан Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов.
Кеңешменин жүрүшүндө отун-энергетика комплексинде, мунай-газ өндүрүшүндө, өнөр жай тармагында, унаа, миграция, саламаттык сактоо, маданият, билим берүү жана илим тармактарындагы кызматташтык боюнча маселелер каралат.
Иш-чаранын жыйынтыгы менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус Өкмөттөр аралык комиссиясынын 16-кеңешмесинин Протоколуна кол коюлат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү