17
Январь
В этом году на выставке «Айыл-агро-2014» особое внимание будет уделено оборудованию по переработке сельхозпродукции
Бул туурасында, 17-январда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев “Айыл-агро-2014” айыл чарба өндүрүшүнүн II Эл аралык көргөзмөсүн өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында сөз кылды.
Тайырбек Сарпашев белгилегендей, быйыл көргөзмөнүн уюштуруучулары айыл чарба продукциясын кайра иштеп чыгуучу жабдыктарга өзгөчө көңүл бураарын айтышууда. “Былтыр биз биринчи жолу “Айыл-агро-2013” көргөзмөсүн уюштурганбыз, анын жыйынтыгы биз тандап алган жолдун тууралыгын көрсөттү. Сөзүбүз кур болбосун, 2013-жылы өлкөгө 1280 даана айыл чарба техникасы алынып келинди, анын бир тобу лизинг шартында берилди. Бул чыныгы жетишкендик”, - деди Вице-премьер-министр.
Ал эми Орусиялык “Росагромаш” айыл чарба өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Евгений Корчевой билдиргендей, үстүбүздөгү жылы айыл чарба техникаларын өндүрүүчүлөр менен катышуучулардын саны көп болгондугуна байланыштуу көргөзмөнүн аянты да кеңири болот. “Болжолдонгондой, көргөзмө аянты 6 миң чарчы метрди түзөт. Аны менен бирге банктардын, соода жана лизинг күркө аянттары да чоңойтулат. Көргөзмөгө болгон кызыгуулардын арбын болушунан 15 мамлекет катышаары күтүлүүдө, ал эми жалпы катышуучулардын саны 9 миң адамга жетет”,- деп жыйынтыктады ал.
Жыйындын жүрүшүндө Тайырбек Сарпашев келээрки жумада “Айыл чарбасын каржылоо – 2” долбооруна катышууну каалагандар коммерциялык банктар менен Меморандумга кол коюу иши мерчемделип жатканын айтты.
Уюштуруу комитетинин чечими менен “Айыл-агро-2014” көргөзмөсү Бишкекте 14-16 –майда өтөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү