06

Февраль

2014

В Кыргызстан поступила первая партия удобрений из Узбекистана

Кыргыз Республикасына Өзбекстан Республикасынан жер семирткичтердин биринчи тобу келип түштү.Эске салсак, Мамлекеттер аралык келишимге ылайык, Кыргыз Республикасы жазгы айдап-себүү ишинде элеттик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында Өзбек Республикасынан 200 миң тонна көлөмүндө аммиактуу селитра, карбамид жана аммоний сульфаты сыяктуу минералдык жер семирткичтерди төмөндөтүлгөн баада сатып алууда.

Учурда бул жер семирткичтердин 5 миң тоннасы республиканын темир жол бекеттерине келип түштү. Келээрки жумада дагы 8 миң тонна жер семирткичтин келиши күтүлүүдө. Бул жер семирткичтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык Фонду жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан өлкөнүн фермерлерине түздөн-түз белгиленген баада сатылат.

Жер семирткичтердин өлкөнүн түндүгүндөгү баалары: аммиактуу селитра - 1 килограммы 15 сом 70 тыйын, карбамид - 19 сом 62 тыйын, аммоний сульфаты- 11 сом 80 тыйын.

Республиканын түштүгүндөгү сатуу түйүндөрүндө аммиактуу селитра –  15 сом 70 тыйын, карбамид - 18 сом 70 тыйын 1 килограммы. Бул баалар 2013-жылга салыштырмалуу 30 пайызга төмөндөтүлгөн.

Жазгы айдап-себүү иштеринин жакындап калганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү баардык фермерлерди зарыл болгон минералдык жер семирткичтерди өз учурунда сатып алууга чакырат.

Учурда, жер семирткичтерди төмөндөгү даректер аркылуу сатып алууга болот:

-          Чүй облусу, Кара-Балта шаары, Тольятти көчөсү 1, “Дан” мамлекеттик ишканасы.

-          Ош облусу, Кара-Суу бекети, Ленин көчөсү 1, ААК “Кара-Суу-Дан-Азык” кампасы.

-           Жалал-Абад шаары, Жалал-Абад бекети, Москва көчөсү 46, ААК “Азрат-Айыб”.

-          Баткен Облусу, Кызыл-Кыя шаары, Кызыл-Кыя бекети, 1-Май көчөсү 93, АК “Дан”.

Жакында Шамалды-Сай шаарчасында, Токмок жана Балыкчы  калктуу пункттарда дагы кошумча түйүндөр ачылат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү