25

Апрель

2014

В Правительстве обсудили проведение 69-й годовщины Дня Победы

Бүгүн, 24-апрелде, Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин төрагалыгы алдында 1941-1945-жж. Улуу Ата-Мекендик согушта совет элинин Жеңишинин 69 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жумушчу кеңешмеси өттү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругуна ылайык, Өкмөткө Жеңиш күнүнүн 69 жылдыгына карата мерчемин иштеп чыгып, майрамдык иш-чараларды өткөрүү тапшырмасы берилген.

9-май күнүнө карата Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине жылына бир жолу берилүүчү акчалай сыйлык төлөнөт. Бишкекте Жеңиш аянтчасында митинг-реквием, концерттик программа өтүп, совет мезгилиндеги аскер техникаларынын көргөзмөсү өтүп, майрамдык салют атылат.

Жеңиш күнүнө карата район, облус борборлорунда майрамдык иш-чаралар, көргөзмөлөр болот. Ошондой эле, тегерек стол отурумдары, окуу жайлардын студенттерине лекциялар окулуп, мектептерде класстык сааттар өткөрүлөт.

[gallery ids="34704,34705,34706,34707,34708"]

КР Өкмөтүнүн аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү