21
Апрель
2014
“Айыл чарбасын каржылоо-2” долбоорунун алкагында банктар 8 799 жеңилдетилген насыя беришти
21-апрелге карата, “Айыл чарбасын каржылоо-2” долбоорунун алкагында айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөргө, дыйкан, фермер чарбаларына 2 млрд. 685 млн. 580 миң сом көлөмүндө 8 799 жеңилдетилген насыя берилди.
Учурда аймактардын мисалында насыялоо абалы төмөндөгүдөй:
Чүй облусу 1 596 насыя 646 миң 595 сом.
Ысык-Көл облусу 1 303 насыя 346 миң 811 сом.
Талас облусу 970 насыя 285 миң 432 сом.
Нарын облусу 849 насыя 223 миң 985 сом.
Жалал-Абад облусу 1 782 насыя 521 миң 805 сом.
Ош облусу 1 547 насыя 453 миң 647 сом.
Баткен облусу 752 насыя 207 миң 306 сом.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү