08

Август

2014

Валерий Диль: Достигнутые договоренности между сторонами ознаменуют открытие новой страницы в двустороннем торгово-экономическом и инвестиционном сотрудничестве между Кыргызстаном и Малайзией

Бүгүн, 7-августта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Путраджай (Малайзия) шаарынын мэри Асех бин Че Мата башында турган делегацияны кабыл алды.

Жолугушууну ачууда вице-премьер-министр Валерий Диль конокторду жылуу тосуп алуу менен бирге делегация Кыргызстан менен жакындан таанышып, эки тараптуу кызматташууну активдештирүү үчүн мүмкүндүктөрдү баалоого шарт түзүлөөрүнө ишеним билдирди.

“Үстүбүздөгү жылы КР жана Малайзия ортосундагы эки тараптуу мамилелер оңдуу жакка багыт алып, өз-ара пайдалуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча эки тараптуу мамилелер жигердүү жүрө баштады, бул жакшы көрсөткүч болуп саналат”, — деп белгиледи вице-премьер-министр.

Өз кезегинде Асех бин Че Мата жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирүү менен малайзиялык тарап дагы эки тараптуу мамилени өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Андан соң эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну, товар жүгүртүүнү жогорулатуу, энергетика, транспорт, тоо-кен өндүрүү, туризм, ошондой эле өндүрүштүк-логистикалык, ирригациялык жана башка инфраструктуралык долбоорлорду чыңдоого байланышкан маселелер талкууланды.

“Көрсөтүлгөн меймандостук үчүн ыраазычылык билдиребиз. Малайзияга айтып келген соң кызматташууну активдештирүүгө карата так багыттарды аныктоо боюнча колдон келген чаралар кабыл алынат. Биз Малайзияда сиздердин өлкө тууралуу билүүсү үчүн колдон келген аракеттерди», — деди Асех бин Че Мата.

Ошондой эле малайзиялык тарап «Манас» эл аралык аэропортуна инвестиция салууга, тактап айтканда аэропортто карго-борбор түзүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

В.Диль малайзиялык тараптын сунушун колдоого алып, Куала-Лумпур – Бишкек – Франкфурт на Майне каттамын ачуу мүмкүндүгүн карап көрүү сунушун кийриди. Мында ал белгилегендей, бул түштүк-чыгыш Азиядан Европага дейре жолду кыскартууга шарт түзөт.