20
Август
Валерий Диль проинспектировал отремонтированную улицу Токтогула
Бүгүн, 19-августта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Бишкек шаарындагы жаңыдан оңдолуп бүткөн Токтогул көчөсүн көзөмөлдөдү. Тактап айтканда, вице-премьер-министр №5-мектеп-гимназиясы жайгашкан жол тилкесинде болду.
Аталган тилке долбоорсуз реконструкцияланган, натыйжада бир катар эреже бузууларга жол берилген, мисалга, анда бордюрлар жана унаа токтоочу жайлар каралган эмес жана мектеп жанындагы коопсуздук чаралары толук эске алынган эмес.
“Көчөлөрдү долбоорлоо ишине комплекстүү карап жана шаар курууда жаңы технологияларды киргизүү керек. Бишкек жашоого жана иштөөгө ыңгайлуу эсептелген жашыл шаар бойдон калуусу тийиш. Ар-бир тилкенин өзүнө тийиштүү өзгөчөлүгү бар, мында мектеп, турак-жай жана дүкөндөр жайгашкан. Мектеп окуучулары жана мугалимдер алдын-ала так ойлонулбаган иштерден улам 50-100 метрди айланып өтүүгө аргасыз болууда. Унаа токтотуучу жайлар үчүн бак-дарактарды кыйбастан, ордуна калтыруу керек», — деп билдирди Валерий Диль.
Вице-премьер-министр Бишкек мэриясына Токтогул көчөсүн реконструкциялоо долбоорун дагы бир ирет иштеп чыгуу, ошондой эле жакын жайгашкан аймакты көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселесин чечүү жана унаа токтотуучу жайдын ордун караштыруу тапшырмасын берди.
[gallery ids="40125,40126,40127"]КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү