04

Апрель

2014

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Талас облусунда митинг уюштурган жергиликтүү тургундар менен жолугушту

Бүгүн, 4-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин тапшырмасы менен Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Талас облусунун Бакай-Ата районунда Шыралжын кенин иштетүүгө каршылыктарын билдирип “Талас-Тараз” стратегиялык унаа жолун бууган жургиликтүү тургундар менен жолугушту. Элеттиктер менен сүйлөшүү учурунда Абдырахман Маматалиев Шыралжын кенин иштетүүнү токтотууну суранышкан митингчилердин койгон талаптарын укту. Вице-премьер-министр кайрылган жарандардын суроолоруна жооп берип, түзүлгөн кырдаал боюнча бийликтин мындан кийинки кадамдары менен тааныштырды. Анын билдирүүсүндө “Алтын Күмүштак Майнинг” компаниясынын ишмердүүлүгү текшерүүгө алынат. Ошондой эле компания тарабынан социалдык милдеттенмелерди аткарууга багытталып бөлүнгөн каражаттардын жергиликтүү бийлик тарабынан туура сарпталышы кылдат иликтенет. “Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев билдиргендей, “Алтын Күмүштак Майнинг” компаниясынан алынган катка ылайык  Шыралжын кенинде баардык жумуштар токтотулат. Белгилей кетсек, Бакай-ата районунун тургундары тарабынан көтөрүлгөн маселелер жеринде чечилди. Жолугушунун жыйынтыгы менен протоколго кол коюлуп, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тиешелүү тапшырмалар берилди. Андан соң, жергиликтүү тургундар “Талас-Тараз” унаа жолун ачууну чечишти. Учурда Бакай-Ата районунда жана жалпы эле Талас облусунда абал тынч. Мындан кийин, Абдырахман Маматалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева, райондук администрациянын, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери  менен кеңешме өткөрүп, мындан ары да чыр-чатактуу кырдаалга кириптер болбоо үчүн калк менен тыгыз түшүндүрүү иштерин алып баруу зарыл экендигин айтты. 2014-жылдын 3-4-апрелинде Боо-Терек айылында болгон окуяга байланыштуу милиция кызматкерлеринин иши прокуратура тарабынан мыйзамдын чегинде иликтенет.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү