20

Июнь

2019

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ДСУ миссиясы менен жолугушту

img

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) саламаттык сактоо тутумундагы программаларды ишке ашыруу маселелери боюнча миссиясы менен жолугушту.

Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо тутуму олуттуу өзгөрүүлөрдөн өтүп жаткандыгын белгилеп, жүргүзүлүп жаткан реформалардагы  Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маанилүү ролун жана колдоосун көрсөттү.

Вице-премьер-министр ДСУ миссиясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган 2030-жылга чейин калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү Программасы тууралуу маалымдады. Ал ошондой эле дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө мыйзам кабыл алынгандыгын билдирди. Мыйзам Кыргыз Республикасында дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү талаптарын белгилейт. Бул жарандарга сапаттуу дары-дармектерди алууга шарт түзөт.

Алтынай Өмүрбекова Коомдук саламаттык сактоо программасы тууралуу айтып берди. Анын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ар түрдүү ооруларды эрте аныктоо жана алдын алуу боюнча «жол картасы» иштелип чыккан.

Алтынай Өмүрбекова балдардын онкологиялык ооруларын эрте аныктоо жана алдын алуу маселелерине токтолуп, бул жаатта, анын ичинде дарылоо протоколдорун пайдалануу боюнча бир катар көйгөйлүү учурларды белгиледи.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ДСУга колдоо үчүн кайрылган. ДСУ өкүлдөрү билдиргендей, 2019-жылдын августунда Кыргызстанга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эки эксперти бул багыттагы реформаларга көмөк көрсөтүү үчүн келишет.

ДСУ миссиясынын мүчөсү Люсиан Ликари алар Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тутумунда болуп жаткан өзгөрүүлөрдү билишерин айтып, оң өзгөрүүлөрдү белгилеп өттү. Бирок анын айтымында, реформага муктаж бир катар көйгөйлүү жагдайлар али да бар. Ал Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинен тышкары башка министрликтер жана ведомстволор саламаттык сактоо тутумун реформалоо процессине тартылышына ишеним билдирип, жалпы күч-аракеттердин зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле ДСУ өкүлдөрү сергек жашоо принциптери жана анын ден соолук үчүн маанилүүлүгү жөнүндө калкка маалымдоонун зарылдыгын баса көрсөтүштү.

Алтынай Өмүрбекова калктын саламаттыгы мамлекеттик саясаттын артыкчылыгы экендигин айтып, өлкө Өкмөтү саламаттык сактоо тутумун жакшыртуу жолдорун издөө аракетинде экендигин ырастады.

«Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тутуму 1991-жылдан тартып белгилүү бир өзгөрүүлөрдү кечирип келди, бирок биз дагы эле өзүбүзгө туура келе турган жакшы моделди издөөдөбүз. Биздин максат – жарандарга сапаттуу, квалификациялуу медициналык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо тутумун түзүү. Ошону менен бирге ооруларды алдын алууга басым жасоо», – деди вице-премьер-министр.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Алтынай Өмүрбекова ДСУ миссиясына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, тараптар өлкөнүн саламаттык сактоо тутумун жакшыртууга багытталган бардык программаларды ишке ашырууда активдүү кызматташарын кошумчалашты.