23
Сентябрь
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанатка катышты
Бүгүн 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Д.А.Ниязалиева мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанатка катышты.
“Кыргыз тили – кыргыз улутунун гана эмес, кыргыз мамлекетинин эне тили. Мамлекеттик тилге мамлекеттик деңгээлдеги мамиле, жана жогорку жоопкерчилик болушу керек. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү менен гана биз туруктуу, өзүбүздүн уникалдуу салт-санааларыбызды, үрп-адаттарыбызды, жаратылышыбызды сактаган күчтүү Кыргыз мамлекетин түзө алабыз”, - деди Дамира Ниязалиева мааракени ачып жатып.
Вице-премьер-министр белгилегендей “2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы» кабыл алынган. Бул менен мамлекеттик тил саясатын өнүктүрүү жаатындагы артыкчылыктуу багыттар аныкталган. Бул программалардын негизги максаты – мамлекеттик тилди коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө толук жана кенен колдонууга шарт түзүү ошону менен бирге мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун күчөтүү жана эне тилин, мамлекеттик, расмий жана эл аралык тилдерди эркин билген кыргызстандыктардын көп тилдүү жаңы муунун өстүрүү болуп саналат.
“Азыркы ааламдашуу, заманында, тилди өнүктүрүү иштерин интернет булактары аркылуу жүргүзүшүбүз абзел. Интернетти кыргызчалоо, кыргыз тилинде сапаттуу электрондук продукция чыгаруу жагын тезинен колго алышыбыз керек. Бул жаатта бир топ иштер жүрүп жатат, бирок жетишээрлик деңгээлде эмес”, - деп кошумчалады Дамира Ниязалиева.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү