22
Июль
Вице-премьер-министр Э.Сариева: Предприятия, где работают лица с ограниченными физическими возможностями, должны получать больше заказов
Бүгүн, 22-июлда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Бишкектеги №1-окуу-өндүрүштүк ишканасына барды.
Ишканада болгон учурунда Эльвира Сариева окуу класстарын кыдырып чыгып жана Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү жасап чыгарган продукциянын үлгүлөрү менен таанышты.
Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган Токтомуна ылайык, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканалары мамлекеттик буйрутмаларды жайгаштырууга катышат.
“Мүмкүнчүлүгү чектелген жактар мамлекет тараптан камкордукка муктаж. Биздин колдон келе турган көмөгүбүз – бул алардын адал эмгегин татыктуу айлык менен камсыздоо. Иш орундарын түзүү жана мамлекеттик буйрутмаларды берүү менен биз эмгекке умтулган адамдарга колдоо көрсөтөбүз. Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому чыгарган продукциялар сапат жагынан атаандаштыктан артта калбайт. Мамлекеттик буйрутмага жеткиликтүүлүктү камсыздоо менен көбүрөөк буйрутма жайгаштыруу зарыл. Ал аркылуу биз мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын өлкөнүн коомдук жашоосуна толук кандуу жан тең катар катышуусуна шарт түзө алабыз», – деди вице-премьер-министр Эльвира Сариева.
[gallery ids="38835,38836,38837,38838,38839,38840,38841,38842,38843,38844,38845,38846"]КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү