16
Июль
Вице-премьер-министр Э.Сариева приняла граждан в «общественной приемной» Аппарата Правительства
Бүгүн, 16-июлда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева бир катар маселелерди талкуулоо үчүн жолугушууга жазылган жарандарды кабыл алды.
Жалпысынан жарандарды курч социалдык көйгөйлөргө тийиштүү маселелер тынчсыздандырган, алардын катарында маданият, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо тармагындагы маселелер козголду.
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева кабыл алган жарандардын маселесин көңүл коюу менен угуп, кайрылган жарандардын көйгөйүн чечүү үчүн аракетин жумшаарын билдирди.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин “Жарандардын кайрылуусун кароо тартиби жөнүндө” буйругу боюнча бекитилген графикке ылайык, “Коомдук кабыл алуу” ар-бир иш күнү иштейт. Анда Премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Кыргыз Республикасынын министри-Өкмөттүн Аппарат жетекчиси, анын орун басарлары жана КР Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм жетекчилери кабыл алышат.