08

Май

2014

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева акцентировала внимание на важности частных инвестиций в систему образования

Бүгүн, 8-майда, вице-премьер-министр Эльвира Сариева Кыргыз республикасындагы бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда мамлекеттик органдар менен бизнес өкүлдөрүнүн маданий-гуманитардык жана социалдык тармактардагы кызматташтыгы жана өнөктөштүк мамилелерди активдештирүүнүн келечек мерчемдери талкууланды.

Вице-премьер-министр социалдык инвестиция багытындагы бизнес өкүлдөрүнүн жигердүү иштерине ыраазычылык билдирди. “Социалдык жоопкерчиликтүү бизнес өлкөнүн келечегине болгон инвестициянын мисалы болуп, Сиздердин бул тармактагы тажрыйбалуу ишиңиздер өкмөт менен бизнестин социалдык сектордогу кызматташтыгынын бир түрмөгү болушу керек”, - деди ал.

Бизнес-ассоциация өкүлдөрү билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык тармактардагы ийгиликтүү тажрыйбалары менен бөлүшүп, Кыргызстанда адам дараметин өнүктүрүүгө багытталган ойлору, бизнес долбоорлорунан маалымат беришти.

Вице-премьер-министр катышуучуларга Кыргызстандын социалдык тармагындагы учурдагы абалы менен тааныштырды жана мектеп, мектепке чейинки билим берүү системасына социалдык инвестициянын маанилүүлүгүнө басым жасады. “Узак мөөнөткө багытталган план балдардын билим алуусуна, жаңы муундагы билим алууга, ден-соолукту чыңдоого, жакырчылык менен күрөшүүгө инвестиция тартуу өбөлгө болот”, - деди Эльвира Сариева.

Жолугушуунун соңунда вице-премьер-министр бизнес-сектордун Өкмөт менен кызматташууга болгон даярдыктарына ыраазычылык билдирди жана социалдык өнүгүүгө шарт түзө тургандай багыттарды талкуулоого кеңири жыйын өткөрүүнү сунуштады.

Жолугушууга жаш ишкерлердин ассоциациясынын, эл аралык ишкерлер кеңешинин, Кыргызстан банктар кеңешинин, Бишкек ишкерлер клубунун, КР соода-өнөр-жай палатасынан, туроператорлор ассоциациясынан, Америка соода палатасынын, бажы брокерлер ассоциациясынан, “Ротари Бишкек клубу” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү да катышышты.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү