23
Июнь
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Государство обязано обеспечить всех качественным образовательным контентом»
Бул туурасында бүгүн, 23-июнда, Кыргыз Републикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева “Ачык билим берүү ресурстары жана санариптик билим берүү” аттуу эл аралык жыйындын ачылышында билдирди.
Жыйынды ачууда Эльвира Сариева форум уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, мектептик билим берүү тутуму алдында турган актуалдуу милдеттерди талкуулоо жана аны чечүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Бизде аймактарда мугалимдер жана методисттер жетишпейт жана мектептерди куруу жана аларды окуу китептери менен камсыздоо маселеси курч турат. Аталган маселелерди чечүү менен бирдикте биз бүгүнкү күндөн тарта ачык билим берүү ресурстарын инестициялоону баштоого милдеттүүбүз. Билим берүү контентин өнүктүрүү, электрондук окуу-китептерин киргизүү кадамдарын бүгүнкү күндөн баштообуз зарыл. Ал үчүн эртеңки күндүн талабы жана ресурстарды натыйжалуу колдоно билүү сыяктуу көптөгөн талаптар бар”, - деди ал.
Өз сөзүндө вице-премьер-министр өкмөт жылына бюджеттен орто мектептер үчүн окуу китептерди басып чыгарууга 100 млн сом бөлүп жаткандыгын белгиледи.
“Бул эл аралык уюмдардын инвестициясын эске албагандагы сумма болуп эсептелет. Ошол эле кезекте, өзгөчө, алыскы айыл жергесиндеги мектептердин окуу-китептер менен камсыздалышы төмөнкү деңгээлде калууда. Тийиштүү окуу-китептерин санариптик калыпка салуу жана аларды ачык түргө келтирүү максатында көптөгөн процедуралык жана институционалдык маселелерди чечүүбүз керек. Биздин алгачкы кадамыбыз өлкөнүн жалпы окуучуларын ачык, жеткиликтүү сапаттуу билим берүү контенти менен камсыздоодо турат. Бизде жалпысынан алганда 2 миң 24 мектеп жана 1 млн ашуун окуучу бар. Менин ишенимимде, эксперттер, эл аралык уюмдар менен бирдикте окуу китептерин чыгарууга жана санариптик форматтагы билим берүү матеиалдарына жеткиликтүүлүктү камсыздоого багытталган бюджеттик каражаттарды пайдалануу натыйжалуулугун жакшыртууга жетише алабыз», — деп белгиледи вице-премьер-министр Эльвира Сариева.
Белгилесек, жыйын алкагында Польша, Монголия, Казакстан, Россия, ЮАР жана АКШнын билим берүү тажрыйбасы тартууланмакчы.
КР Өкмөт Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү