01
Сентябрь
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Каждый гражданин должен понимать ценности государственности»
Бүгүн, 1-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева Бишкек шаарынын № 69-орто мектебинде “2014-жыл – Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы” темасына арналган ачык сабагын өттү.
Сабакты ачууда Эльвира Сариева белгилегендей, ар-бир жаран эгемендүү мамлекеттүүлүктүн баасын түшүнүүсү зарыл.
«Мектептеги биринчи күн жана алгачкы сабак өмүр бою эсте калат. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө колдон келген салымын киргизүүгө, анын негиздерин чыңдоого даяр жаранды интеллектуалдык жана рухий жактан тарбиялоодогу мектептин, билим алуунун маанисин баалабай коюу мүмкүн эмес. Ар-бирибиз балдарды айныксыз чындыктарга үйрөтүүбүз зарыл, алардын сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө өз өлкөсүнүн анык патриоту болуп жетилишине көмөктөшүүбүз зарыл», — деп белгиледи ал.
Вице-премьер-министрдин айтымында, Кыргызстан адамдык мүмкүндүктү билим берүү тутуму аркылуу өнүктүрүүгө карата каражатты көбүрөөк салышы кажет. «Окуу шартынын жакшыртылышы жана алдыңкы ыкмаларды пайдалануу өлкөнүн билим деңгээлин жогорулатууга көмөк берет. Борбордук № 69-орто мектеп кыргыз тилинде билим берүүчү бирден-бир инновациялык борборлордун бири болуп саналат. Модернизациялоо программасына ылайык, бүткүл республика боюнча 100 мектеп заманбап лабораториялык жана компьютердик жабдууга ээ болду. Бардык кадамдар, анын ичинде бала-бакчаларды лицензиялаштырууну жөнөкөйлөтүү, мектептердин финансылык өз алдынчалыгын жогорулатуу, профессионалдык билим берүүнү жакшыртуу кадамы өлкөдөгү билим берүү сапатын жана деңгээлин жогорулатууга багытталган», — деди Эльвира Сариева.
Сабакты жыйынтыктоодо вице-премьер-министр Эльвира Сариева мектеп окуучуларын дагы бир ирет жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, аларга чың ден-соолук жана айлана-чөйрөнү таанууда ийгиликтерге жетишүүсүн каалады.
Белгилесек, бүгүн, Билим күнү, Бишкек жана Чүй облусундагы мектептериндеги ачык сабактарды вице-премьер-министрлер жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бир катар мүчөлөрү өткөргөн.
[gallery ids="40651,40652,40653,40654,40655,40656,40657,40658,40659,40660,40661"]КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү