01
Июль
2014
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: Несмотря на солидную правовую базу и меры со стороны государства, проблема борьбы с детским трудом в стране остается актуальной и полностью нерешенной
Бүгүн, 1-июль күнү Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева “Балдар эмгегинин начар формаларын жоюуга багытталган аракеттерди бириктирүү жана ведомство аралык координацияны чыңдоо” темасындагы тегерек стөлдүн ишине катышты.
Тегерек стөлдүн ишин ачууда Эльвира Сариева балдар эмгегин жоюуга багытталган иштиктүү механизмдерди иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
«Мамлекет тараптан көрүлгөн чаралар жана жеткиликтүү укуктук базага карабастан, өлкөдө балдар эмгегине каршы күрөш көйгөйү актуалдуу бойдон жана толук чечилбестен калууда. Бул багытта иш алып барган министрлик жана ведомстволор балдарды мектепке кайтаруу, алардын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүү боюнча алгылыктуу натыйжаларды берүүдө. Аталган иште балдар эмгегин жоюу боюнча социалдык шериктер маанилүү колдоо көрсөтүүдө, ага ылайык, бир топ жетишкендиктер байкалууда», — деп белгиледи вице-премьер-министр.
Ошондой эле өз сөзүндө Эльвира Сариева тегерек стөл катышуучуларына учурда КР Өкмөтүнүн чечими аркылуу 2015-2017-жылдарга карата Калкты социалдык жактан коргоону өнүктүрүү стратегия долбоорун иштеп чыгуу боюнча иш алып барган ведомство аралык иштиктүү топ түзүлгөндүгүн маалымдады.
“Стратегияда татаал жашоо шартындагы үй-бүлөлөр жана балдар менен иштөө боюнча иш-чаралар жыйындысы камтылган, анда өзгөчө көңүл балдар эмгегинин татаал формасын жоюу жана ага жол бербөөгө көңүл бурулат. Мында балдар эмгегинин татаал формасын жоюу маселесин катаал жашоо шартындагы үй-бүлөнүн жана балдарды коргоо маселеси менен биргеликте кароо зарыл. Менин пикиримде, балдар эмгегинин көйгөйүн өкмөт, профсоюздар, иш берүүчүлөр жана жалпы коомчулуктун биргелешип аракеттенүүсү аркылуу чечүүгө мүмкүн”, — деп билдирди вице-премьер-министр Эльвира Сариева.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү