19

Июнь

2014

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: Оплаченное государством высшее образование выпускник может возместить 2-годичной работой

Бүгүн, 19-июнь күнү КР вице-премьер-министри Эльвира Сариева “Жаш адистин ишке багыттоодон баш тартуусу учурунда бюджеттик негиздеги билим алуу акысын кайтаруусу жөнүндө” өкмөттүн токтом долбоорун талкуулоо боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйын ишине саламаттык сактоо, билим берүү жана илим, юстиция министрликтеринин жана КР Өкмөтүнүн Аппаратынын тармактык бөлүм өкүлдөрү катышты.

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева аталган токтомдун маанилүүлүгүн белгиледи. “Кыргызстанда саламаттык сактоо жаатында 2 миң адис жетишпейт, өзгөчө аймактардагы абал оор. Мен облустук, же райондук ооруканаларга барганымда, башкы дарыгерлер врачтар жана орто медициналык кызматкерлердин жетишсиздигин айтышат. Жогорку жана орто медициналык окуу-жайларда бюджеттик негизде окуган бүтүрүүчүлөр мамлекеттин багыттоосу боюнча аймактарда, же медициналык мекемелерде 2 жылдан кем эмес мөөнөттө иштеп берүүсү кажет. Бирок мамлекет каражаты аркылуу окуган көптөгөн адистер жөнөткөн жерде иштөөдөн баш тартышат. Мамлекет тараптан билим берүүнү каржылап, бүтүрүүчүлөрдү иштетүү тажрыйбасы көптөгөн өлкөлөрдө колдонулат, мурдагы кезде биздин өлкөдө да колдонулган. Бул абдан акыйкат тутум – эгерде мамлекет студентти акысыз окутса, анын кайтарымын ал2 жылдык иш менен актаса болот, же гранттык орунду ээлебей, орунду кезектеги кийинки студентке берүү керек”, - деп белгиледи вице-премьер-министр Эльвира Сариева.

Кеңешме соңунда жаш адистин ишке багыттоодон баш тартуусу учурунда бюджеттик негиздеги билим алуу акысын сунушталган тартипте кайтаруусу жөнүндө чечим кабыл алынды.

КР Өкмөт Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү