14

Август

2014

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: Оздоровительная зарядка необходима для подрастающего поколения

Бүгүн, 14-августта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева мектептеги сабактар алдында өткөрүлчү Көнүгүүлөр жыйындысынын бетачарына катышты. Мектеп окуучуларынын жаш курагына жараша үч топ үчүн көнүгүүлөр жыйындысы КР Дене-тарбия жана спорт мамагенттиги тарабынан сергек жашоо образын алга жылдыруу алкагында иштелип чыккан. Ден-соолук чыңдоочу көнүгүүлөр мектептерге киргизилиши болжолдонууда.

Эльвира Сариева белгилегендей, республикада “Дени сак, билимдүү, маданияттуу өлкө” программасы өз ишин баштоодо, анда сергек жашоо образы боюнча долбоорлор камтылган. «Аталган программа бөлүгү катары мектептерге ден-соолук чыңдоочу көнүгүүлөр киргизилмекчи.

Иликтөөлөрдө айтылгандай, мектепте окуй баштагандан тарта балдардын кыймылдуулугу чектелип, алардын 67% - омурткасына залал тиет, жаштар арасында жүрөк, кан тамыр оорулары менен ооругандардын саны кескин жогорулоодо. Ал эми өлкөдө дене-тарбиясынын жайылтылышы болгону 7% жетет, бул улут генофондунун коопсуздугуна коркунуч туудурган төмөнкү чектен бир топ төмөн. Мен бул демилгени ата-энелер туура кабыл алып, колдоого аларына ишенем. Көнүгүүлөрдү жасоо өсүп келе жаткан муундун ден-соолугуна оңдуу таасир тийгизип, келечектүү жаштардын чоң спортко багыт алуусуна шарт түзөт», — деп белгиледи вице-премьер-министр Эльвира Сариева.

[gallery ids="40003,40004,40005,40007"]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү