15

Август

2014

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Поддержке и развитию массового спорта начали уделять внимание»

Бүгүн, 14-августта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдик окуу жайына барды.

Мында вице-премьер-министр окуу жайдын окуу класстары, спорт залдары менен таанышып чыкты. Андан соң Эльвира Сариева бассейнди оңдоо ишинин жүрүшү менен таанышты, анда ал дээрлик жыйынтыкталып жаткандыгы, алдыда сууну тазалоочу жабдуу орнотуу иши калгандыгы маалым болду. Белгилесек, бюджеттен бөлүнгөн каражат эсебинен оңдоо иштери жыйынтыкталган соң, окуу-жайда ар-кыл татаалдыктагы турнирлер өткөрүүгө мүмкүндүк түзүлөт.

Вице-премьер-министр коңшу жайгашкан мектеп окуучуларын Республикалык олимпиадалык резервдик окуу жайынын бассейнине тартуу зарылдыгын белгиледи. «Олимпиадалык резерв мектеби тармактык эмес мектептер үчүн дене-тарбия жана спорттун борбору катары чыга алат. Сууда сүзүү спорту үчүн инфраструктуранын чектелүү экендигине байланыштуу сиздердин база балдарды спортко тартууга негиз болуп бере алат», — деп белгиледи вице-премьер-министр Эльвира Сариева.[gallery ids="40009,40008"]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү