20
Август
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева поздравила стипендиатов Проекта JDS, отправляющихся на обучение в Японию
Бүгүн, 20-августта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева “Адистерди даярдоо үчүн стипендия ыйгаруу” (JDS) долбоору боюнча Япония университеттеринде магистрлик программа боюнча окууга сынак аркылуу кабыл алынган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер менен жолугушту.
Эльвира Сариева чогулгандарды Япониянын алдыңкы университеттеринде билим алуу мүмкүндүгүнө ээ болгон жеңиши менен куттуктады. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери арасында өткөрүлгөн сынак негизинде 2014-2015-жылдарга карата JDS долбоорунун 15 стипендианты аныкталды. JDS долбоору ишке ашырыла баштаган мезгилден тарта жалпысынан 117 адамдан турган 7 топ окууга жөнөтүлгөн, анын ичинен 82 стипендиат өз диссертацияларын жактап, магистр даражасына ээ болгон, алар өлкөгө кайтып келген соң алган билимдерин иш жүзүндө ийгиликтүү пайдаланууда. Бул мамлекеттик башкаруунун атамекендик тутуму үчүн чоң көмөк болуп эсептелет, анткени дүйнөлүк экономика лидерлеринин бири катары эсептелген Японияда алган билим-тажрыйбанын мааниси жогору», — деп белгиледи ал.
Жыйын соңунда вице-премьер-министр Эльвира Сариева JDS долбоорунун стипендиаттарына окууда ийгилик каалап, Кыргызстанга кайтып келген соң магистранттар алган билимин өз өлкөсүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жумшаарына ишенимин билдирди.
[gallery ids="40152,40153,40154,40155,40156"]КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү